Муса Баетов атындагы орто мектеби Нарын облусу, Ак-Талаа району

Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Мектеп Үгүт айылынын орто чөлкөмүндө орун алган айылдын ортосу аркылуу өткөн жолдон 300м аралыкта алыстыкта негизги жолго перпендикуляр жайгашкан жол менен барууга болот. Айыл өкмөтүнүн канторасынын жанынан орун алган. Мектептин тегереги темир тор менен тосулган. Мектепте суу түтүкчөлөрү бар. Ысык муздак суу киргизилген. Запастык кирип чыгуу эки эшик бар.  Мектепте видео камералар орнотулган.   Үгүт айылындагы орто мектеп 1970-жылы курулуп башталып, мамлекет тарабынан 1971-жылы курулуп  130 орунду мектеп ачылган. Мектеп ынгайлаштырылган. Подвалы жок, мектепте 8 окуу кабинети, 2 администрадивдик кабинет, 1 актовый зал, 1 китепкана, 3 бөлмөлү чакан ашкана бар. Имараттын фундаменти бетон, дубалы бышкан кирпич, чатырынын конструкциясы жыгач темир листер менен жабдылган. Мектепте окуу кабинеттери жетишсиз, спорт зал жок. Спорттук инвентарлар  жетишсиз. Химия, физика, биология предметтери үчүн лабораториялык иштер үчүн керектүү каражаттар жетишсиз.    Ынгайлаштырылган спорттук аянтча уютурулган.  Мектептин өздүк чакан көмөкчү чарбасы уюштурулуп алма, алмурут, өрүк бак дарактары орун алган.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы:

“Окуучу окутуу процессинин борборунда болуп, окуучу менен кайтарым байланышты жогорулатып, мектеп, ата-энелер жергиликтүү коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта гумандуу, алдын ала ой жүгүртүүчү, сабаттуу, жоопкерчиликти сезе билген кыргыз элинин маданиятын, үрп адатын, каада салтын урматтай турган инсанды тарбиялоо”

 

Мектептин максаты:

Социалдык экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу жана сапаттуу билимге ээ болгон коомго пайдасы тийген,улуттук каада-салттарды сактаган,руханий дүйнөсү бай,элдик маданиятты,мекенди сүйгөн,өз мекени үчүн күрөшкөн жаштарды тарбиялоо. Коомдун алдында атуулдук жоопкерчилигин арттыруу менен мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө пайдубал түзүү.